Жети-Өгүздө сабалып каза болгон жигит боюнча кылмыш иши козголду

Маркум Ынтымак Рысбек уулу.

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында таяк жеп каза болгон 26 жаштагы Ынтымак Рысбек уулунун өлүмү боюнча Жети-Өгүз райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары Кубанычбек Шатенов билдирди. Анын айтымында, факты боюнча гана, "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Иш иш жиберилгени турат.

- Ээн баштык, ошол эле учурда денесине оор жаракат келтирүү өлүмгө алып келгендигине байланыштуу, тагыраагы Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде иш козголду. Азыр кылмыш иши биздин прокуратурага жаңыдан жөнөтүлдү. Азыр келгенден кийин биз ал ишти карап, мыйзамдуулугун текшерип, иш туура козголдубу, туура козголгон жокпу - ошолордун баарын аныктап, анан эгер мыйзамга туура келе турган болсо, аны биз тийиштүү органдарга тергөөсүн улантуу үчүн жөнөтөбүз, - деди Кубанычбек Шатенов​.

7-ноябрдын кечинде Кызыл-Суу айылында 26 жаштагы Ынтымак Рысбек уулу катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Анын абалы оор болуп, Каракол шаарындагы облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ынтымак өзүнө келе албай 11-ноябрь күнү ооруканадан каза болгон.

Маркумдун жакындары "жигиттин өлүмүнө Жети-Өгүз райондук милициясынын кызматкерлеринин жана Жети-Өгүз райондук сот аткаруу кызматкеринин тиешеси бар" деп, райондук милицияга арыз жазышкан. Алар сөз болуп жаткан кызматкерлер жоопко тартылбай жатканына нааразы болушууда. (AsM\ErN)