Түркмөнстанда мал кырылууда

Түркмөнстан.

Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашөгүз облусунда мал ылаңдап, кырылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

- Чечек жөнүндө айтып жатышат. Бирок мамлекет менен ветеринардык кызматтар эч кандай чара көргөн жок. Жергиликтүү тургундардын биринин 17 ую бар болчу, бир ай мурда дароо он ую өлүп калды. Калгандарын болсо шашылыш түрдө арзан баада сатып жиберди, — деди кабарчы.

Бир күн мурун өлкөнүн батыш аймактарында да мал кырылып жатканы кабарланган.

Басылма 30-октябрда Балкан облусунда төөлөр жапырт түрдө белгисиз илдетке чалдыгып, мындан улам жергиликтүү бийлик төө этин сатууга жана колдонууга тыюу салганын жазган.

Өткөн жумада мал доктурлардын атайын тобу аймакта текшерүү иштерин жүргүзүп, төөлөр ылаңдан эмес, «ачкадан өлүп жатканын» билдирген. Бирок жергиликтүү бийлик төөнүн эти менен сүтүн сатууга киргизилген тыюуну алган эмес.