Кыргызстанда адам укуктары боюнча бир айлык жарыяланды

Кыргызстандагы кыз ала качууну чагылдыргын тасмадан үзүндү.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту 10-ноябрдан 10-декабрга чейин "Адам укуктары боюнча бир айлык" жарыялады. Иш-чара Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгына арналган.

Анын алкагында, жогорку окуу жайларынын студенттери менен мектеп окуучуларынын арасында дилбаяндар сынагы уюштурулат. Ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн сүрөттөр сынагы болот.

Мыкты эмгектер көргөзмөгө коюлат. Мыкты сүрөттөр менен дилбаяндардын авторлоруна Акыйкатчы институтунун атайын сыйлыгы берилет. Бир айлыктын жыйынтыгы 10-декабрда чыгарылат.

БУУнун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. (NT)