Мухаммад Салих Интерполдун издөөдөгү адамдар тизмесинен алынды

Мухаммад Салих.

"Өзбекстан элдик кыймылынын" жетекчиси жана "Эрк" партиясынын лидери, чет жерде жашап келе жаткан Мухаммад Салих Интерполдун издөөдөгү адамдар тизмесинен чыгарылды. Анын адвокаты Тронд Улсен Насстын “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиргенине караганда, Эл аралык кылмыш полициясы Мухаммад Салих издөөдөгү адамдардын тизмесинен чыгарылганын ырастаган.

2001-жылы Өзбекстандын бийлигинин талабы менен Мухаммад Салих Интерполдун кызматкерлери тарабынан Праганын аба майданында кармалып, кайра бошотулган. 2008-жылы да аны Швециядан Лондонго бара жаткен кезде полиция кармап, текшерген.

Азыркы кезде Түркияда жашап жаткан 68 жаштагы акын жана оппозиционер Мухаммад Салих 1989-жылы “Эрк” демократиялык партиясын негиздеген. 1991-жылы ал биринчи президенттик шайлоого катышып, ошол кездеги мамлекет башчы Ислам Каримовго атаандаш болгон. Расмий малымат боюнча Мухаммад Салихке элдин 12,7% добуш берген, ага чейин Өзбекстандын радиосу оппозиционер 33% добуш алганын жарыялаган. Эркин байкоочулардын эсебинде Мухаммад Салих добуштардын жарымынан көбүн алган. Шайлоодон кийин аны колдоп чыккан студенттердин демонстрациясы атылып, эркин басылмалар жабылган жана оппозиция лидерлерине иш козголгон. Мухаммад Салих өзү Өзбекстандан 1993-жылы чыгып кеткен.

2000-жылы Өзбекстандын Жогорку соту аны “конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракет кылган”, “Өзбекстандын президентине кол салган” деп, 15,5 жылга сыртынан соттогон. Ошондой эле 1999-жылдагы Ташкенттеги жардырууларга күнөөлүү деп тапкан.

Быйыл февралда Өзбекстандын интеллигенция өкүлдөрү Мухаммад Салихтин өлкөгө кайтып келиши үчүн уруксат берүүнү сурап, президент Шавкат Мирзиёевге кайрылган. Бирок бийлик кайрылууга эч кандай жооп берген эмес.