Депутат “Улуттук энергохолдинг” ишканасын жоюуну сунуш кылды

Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов “Улуттук энергохолдинг” компаниясын жоюуну талап кылды. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстандын 2019-жылга карата бюджетин жана 2020-2021-жылдарга карата болжолун караган кеңейтилген жыйында билдирди.

Өмүркулов мындай билдирүүсүн “Улуттук энергохолдинг” электр станциялары боюнча акционердик коомдорго, алардын каржылык иштерине киришип, башкарып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Мындай пикирди улаган депутат Таалайбек Масабиров кирешелүү тармак болгон энергетика системасында эч кандай жылыш болбой жаткандыгын айтты.

“Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы коррупциялык иштер боюнча камакка алынган. Быйыл майда жетекчиликке Азамат Абдыкадыров дайындалган.

2016-жылы мурдагы Энергетика министрлиги жоюлуп, анын ордуна “Улуттук энергохолдинг” компаниясы түзүлгөн. Учурда холдингге “Чыгыш электр”, “Электр станциялары”, “Электр тармактары”, “Түндүк электр”, “Ош электр”, “Жалал-Абад электр”, “Бишкек жылуулук тармактары” жана башка акционердик коомдор да баш ийет. (ErN)