ЕБ жана АКШ “ДНР” менен “ЛНРде” боло турган шайлоону тааныбайт

Европа Биримдиги өздөрүн “Донецк жана Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактарда 11-ноябрга белгиленген шайлоолорду мыйзамсыз деп эсептейт жана анын жыйынтыгын тааныбайт.

Бул тууралуу ишемби күнү биримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини тараткан билдирүүдө айтылган.

Анда Минск келишимине ылайык, Орусиянын жикчилдери көзөмөлдөгөн аймактагы кандай гана шайлоо болбосун Украинанын мыйзамдарына жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун стандарттарына ылайык өтүшү керектиги эскертилет.

АКШнын Киевдеги элчилиги бул шайлоону “фарс” деп атады жана Донбасстын жашоочуларын шайлоого катышпоого чакырды.

11-ноябрга белгиленген шайлоодо өздөрүн “Донецк жана Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактын башчылары тандалат. Негизги талапкерлер – жикчилдердин азыркы лидери Денис Пушилин жана Виктор Пасечник.