Калыстар тобу 12-17-ноябрь күндөрү өтө турган “Бир дүйнө - Кыргызстан - 2018” даректүү тасмалар фестивалына 25 тасманы тандап алышты.
Бул тууралуу уюштуруучу - “Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова "Азаттык" радиосуна билдирди.
Бул жолу фестиваль “Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз!” деген ураан менен Бишкекте өтөт. Иш-чаранын быйылкы айлампасы БУУнун адам укуктары боюнча "Адамдын ар-намысы үчүн" декларациясынын кабыл алынышынын 70 жылдыгына арналат.
Тасмалар борбор калаадагы “Манас”, “Ала-Тоо”, “Октябрь” кинотеатрларында көрсөтүлөт. Арасында мигранттар, майыптардын, аялдардын укуктарын чагылдырган фильмдер бар. Ага Грузия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, АКШ, Орусиядан катышуучулар тасмаларын сунуштаган.
Быйыл фестивалдын алкагында биринчи жолу “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин урматына “Уланбек уланат” аттуу сыйлык тапшырылат. Мында журналист көзү тирүүсүндө тарткан “Башкача жашоо” аттуу тасма да көрсөтүлөт.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы ушуну менен он экинчи ирет өтүп жатат. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат.
Бул фестивалга "Азаттыктын" журналисттери даярдаган бир нече фильм катышып, байгелерди алган. (КE)