Жалал-Абадда журналист кыз бычакталды

Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абадда журналист кыз кол салуудан жабыркады. Баштапкы маалыматка караганда, Санрабия Сатыбалдиева бүгүн эртең менен үйүнөн чыгып баратканда белгисиз бирөө ага бычак менен кол салганын "Азаттык" радиосуна тааныштары айтып беришти.

Жабыркаган журналист азыр ооруканада.

Санрабия Сатыбалдиева - "YouTube" сайтындагы Malina.TV каналынын негиздөөчүсү жана алып баруучусу. Ал эфирден түрдүү социалдык көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып жүрөт. (RsK)