Жээнбеков: Жалпы аймакта террор коркунучу сакталууда

Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев.

Аймакта террор коркунучу сакталууда, андыктан Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) дараметин жана эл аралык аброюн мындан ары арттырыш үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бейшемби күнү уюмдун Астанада өткөн саммитинде билдирди.

Президент эл аралык саясаттагы белгисиздиктин күчөшү, дүйнөдө, өзгөчө Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда чыңалуу зоналарынын сакталышы аймактык коопсуздукка терс таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (RK)