Астанада ЖККУнун коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат

Астана шаары.

Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) коопсуздук кеңешинин Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан сессиясына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жыйынга Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри келген.

Жыйында уюмдун алкагындагы иштердин жыйынтыгы чыгарылып, бир катар документтерге кол коюлат жана өз ара кызматташтыкты бекемдөө, коопсуздук маселеси талкууга алынып жатат.

ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Бул ирет ЖККУга бир жыл бою төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өттү.