Камерундук энелер балдарынын башы азат болгонун майрамдап жатышат

Камерун.

Шаршембиде козголоңчулар өлкөнүн түндүк-батышындагы Баменде шаарынан алып кеткен 78 окуучуну барымтадан бошоткон. "Чарчаңкы эле болбосо, дене-боюна залал келтирилген эмес" дешет мектеп кызматкерлери. Бирок эки мугалим дагы эле туткунда калды.

Козголоңчулар аймактагы француз тили окутулган мектептерди жабууну талап кылышкан. Алар Камерундун батышында англис тилдүү “Амбазония” мамлекетин курууну көздөп жүрүшөт.

Борбордук Африкадагы бул өлкө Франция менен Британиянын колониясында болчу. 60-жылдары эгемендик алган. Ошондон бери англис тилдүү азчылык француз тилдүү көпчүлүккө баш ийгиси келбейт. Аз мурда да жикчилер 11 баланы барымталап, аларды акчага бошоткон.