АКШ: Ак үй CNNдин кабарчысынын аккредитациясын жокко чыгарды

Журналист Жим Акоста, Ак үйдүн кызматкери жана президент Дональд Трамп.

Ак үй 7-ноябрдагы президент Дональд Трамптын басма сөз жыйынындагы СNNдин кабарчысы Жим Акостанын аракеттерин алгызыксыз иш катары баалап, аны аккредитациясынан ажыратты.

Трамптын басма сөз катчысы Сара Сандерс тараткан маалыматка караганда, Жим Акоста Ак үйдүн кызматкерине микрофонду карматпай, башкалардын суроо беришине мүмкүнчүлүк берген эмес жана "күч да колдонгон". Акоста өзү бул окуянын видеосун “Твиттерге” жарыялады. Видео тасмадан көрүнгөндөй, CNNдин кабарчысы чындап эле Ак үйдүн кызматкерине микрофонду бербей койгон, бирок ага тийген эмес.

Чыр Акоста президент Трампка бир канча ачуу суроолорду бергенден кийин чыккан. Атап айтканда, ал президенттин Конгресске шайлоонун алдындагы сөздөрүндө эмне үчүн мигранттарды “баскынчылар” деп атаганына кызыгып, "Орусия менен болжолдуу байланышы тууралуу иликтөө чочулатпайбы?" деп сураган. Трамп өз кезегинде аны "орой жана коркунучтуу адам" деп атаган. Президент бул басма сөз жыйынында башка жураналисттер менен да кайым айтыша кеткен.

Бул окуя Акоста менен Трамптын биринчи тирешүүсү эмес. 2017-жылдын башында, ал кызматка кирише элек кездеги басма сөз жыйынында да Трамп "CNN жалган маалымат таратат" деп, журналисттин суроолоруна жооп бербей койгон.

CNNдин жетекчилиги президенттин аракетин сындап, өз кабарчысын колдоду. Трамптын 7-ноярдагы басма сөз жыйыны Конгресттеги шайлоонун жыйынтыгына арналган.

АКШнын президенти атаандаш демократтар анын Республикалык партиясын артка таштап, Конгресстин Өкүлдөр палатасында көзөмөлдү колго алганына карабай, 6-ноябрдагы шайлоодо “жеңишке жеткенин” жарыялады.

Ушул сааттарга карата Демократиялык партия 435 орундуу Өкүлдөр палатасынан кеминде 223 орун, Республикалык партия 197 орун алганы анык болду, 15 мандаттын ээси азырынча так билине элек.

Ал эми Конгресстин жогорку палатасы - Сенатта Республикалык партия буга чейинки көпчүлүгүн сактап, 52 орунга ээлик кылат. Буга чейин аларга 51 орун таандык болгон.