Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоң жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4,

Нарын аймагында түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...+2 градус болот.

8-ноябрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 4…6 градус болот.