Бишкекте бүгүн, 7-ноябрда "Kyrgyz Textile & Clothing Week - 2018" деп аталган жумалык башталат. Экономика министрлиги билдиргендей, тигүү тармагын жакшыртууга багытталган иш-чара 16-ноябрга чейин уланат.
7-11-ноябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында ата мекендик тигүү өндүрүшүнөн чыккан кийим-кече, буюм-тайымдардын көргөзмө-жармаңкеси, 13-16-ноябрда "Жаннат" мейманканасында Жарашык жумалыгы болот.
Жарашык жумалыгынын алкагында жаш дизайнерлердин, өндүрүш компаниялардын сынактары уюштурулат.
13-14-ноябрда текстил-тигүү өндүрүшүнүн оош-кыйышын талкуулаган жыйындар өтөт.