Лукашенко: Беларуска Орусиянын аскер базасынын кереги жок

Александр Лукашенко.

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкө аймагында Орусиянын аскердик базасын куруунун зарылчылыгы жок деп эсептейт. Анын америкалык талдоочулар менен жолуккандагы сөзүнө караганда, Беларустун өзүн өзү коргоого күчү жетет. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги кабарлады.

“Эгер зарылчылык болсо кайсы гана учак болбосун, Орусиянын аймагынан 3-5 мүнөттүн ичинде келе алат. Ошондуктан бул жерге база жайгаштыруунун зарылчылыгы канчалык?” деди Беларус президенти.

Азыркы учурда Беларустун аймагында Орусиянын эки аскер базасы бар. Алар - ракеталык чабуулдар тууралуу алдын-ала эскерткен "Волга" радиолокациялык станциясы жана Орусиянын Аскер-деңиз флотунун №43 байланыш түйүнү.

Буга чейин маалымат каражаттарында Беларуста Орусиянын аскер базасы жайгаштырылышы мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар чыккан. Кийин эки тарап бул жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

Май айында Польша Кошмо Штаттарга өз аймагында танк дивизиясын туруктуу жайгаштырууну сунуш кылып, бул үчүн өлкө эки миллиард доллар бөлүүгө даяр экендигин билдирген. Александр Лукашенко Польшаны ал оюнан баш тартууга чакырып, болбосо Минск менен Москва жооп иретинде чара көрө турганын эскертти.