Бекбоев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды

Турдуназир Бекбоев.

Турдуназир Бекбоев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды.

6-ноябрда таратылган расмий кабарда айтылгандай, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Турдуназир Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жаңы ишке өттү.

Ал 2018-жылдын февралынан бери президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ага чейин да бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлеген.