Өкмөттө бүгүн, 6-ноябрда быйылкы жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү маселеси талкууланат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өтөт.
Анда экономика министри Олег Панкратов баяндама жасайт. Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган учурдагы өкмөт быйыл 28-июлда ишке киришкен.