Кайрат: Африкадагы атама жолуккум келет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

26 жаштагы Кайрат Бекмамбетов жарнама боюнча адис жана блогер. Анын атасы совет доорунда Кыргызстанда окуган африкалык жигит, энеси кыргыз кызы. Төрөлгөндөн тарта таенесинин колунда чоңойгон жигит атасынын дарегин издеп, аны менен жолуккусу келет. Таенесинин таалимин алган Кайрат бир ай мурун кыргыздын салты менен орус кызына баш кошкон.