Рита Карасартова кызматтан баш тарткан себебин түшүндүрдү

Укук коргоочу Рита Карасартова

Укук коргоочу Рита Карасартова ага эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматы сунушталганын, бирок бул кызматтан баш тартуунун себептерин "Азаттыкка" айтып берди:

- Кыргызстан кесипкөй адистерге жана идеяга муктаж. Мисалы, бир адамдар жергиликтүү өз алдынча башкарууну оңдой турган идеялар болсо, ошол идеялар ат салышып, демилгеси бар кишилер келип, дем менен алдыга сүрөсө Кыргызстан оңолот деп ойлойм. Эгерде мамлекеттик кызматка жөн гана тажрыйба топтоп алайын деп келсе, бул аябай майда максат. "Мен эки айдын ичинде мындай, бир жылдын ичинде тигиндей жетишкендиктерди көрсөтөм" деген кишилер кызматка келиши керек. Мен илимий жактан жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча изилдөө жүргүзгөм. Эгер ошол тармакка чакырса ойлонуп көрмөкмүн. Бизде "социалдык тармакка кайсы аял киши барбасын, ал иштеп кетет" деген көз караш калыптанган. Мен деле барсам иштеп кетем. Ал кызмат да укук коргоонун бир түрү. Бирок жөн эле бардым деген маселе болбойт. Ошол тармакты кантип өнүктүрсө болот деп ойлонуп көрбөптүрмүн. Анан жөн эле баргандын эмне кереги бар?

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери чет өлкөлөргө мыйзамды бузуу менен чыгышып, мамлекеттик бюджетти максатсыз пайдаланган деген жүйө менен кызматтарынан бошотулган. (KR)