Эрдоган Саудияны Хашогжинин өлүмү үчүн ачык айыптады

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сауд Арабиясынын бийлигин маркум журналист Жамал Хашогжинин өлүмү үчүн күнөөлөдү.

"Хашогжини өлтүрүү буйругу Сауд Арабиясынын өкмөтүндө отурган жогорку деңгээлдеги кишилерден келгенин биз билебиз" деп жазылган The Washington Post басылмасында жарык көргөн макалада.

Бирок ошол эле учурда Түркия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамиле жакшы экенин баса белгилеген президент журналисттин өлүмүнө Салман хан өзү кийлигишкен эмес деп билдирген.

Жамал Хашогжи - сауд арабиялык журналист. Ал 2017-жылы АКШга чыгып кетип, мекениндеги бийликти сындап жүргөн. 2-октябрда болочок жубайы менен никеге туруу үчүн тийиштүү документтерди алганы падышалыктын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирген бойдон кайра чыккан эмес.

Сауд Арабиясынын бийлиги адегенде "ал тез эле чыгып кеткен” деп билдирсе, кийин “консулдуктагы мушташ учурунда өлгөнүн” моюнуна алган. Бирок падышалык үй-бүлө окуядан кабарсыз болгону айтылган. Хашогжинин өлүмүнө шектүү катары Сауд Арабиясында 18 киши кармалган.