Пакистанда ашынган исламчылардын нааразылыгы уланууда

1-ноябрдагы митингдин катышуучулары.

Пакистанда ашынган исламчылар чоң шаарлардагы кан жолдорду бууп салышты. 3 күндөн бери алар "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген" деп айыпталган христиан аялдын акталышына нааразылыгын билдиришүүдө.

"Техрик-и Лабаик" партиясы өкмөт менен сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаганын билдирди жана тарапкерлерин полиция менен тирешке даяр болууга чакырды.

1-ноябрда улуттук телеканалдан сүйлөгөн премьер-министр Имран Хан митингдерге чыккандар жолдорду тосо беришсе, өкмөт чара көрөөрүн эскерткен.

Жергиликтүү маалымат каражаттары нааразылык акциясына чыккандар жолдорду Карачи жана Лахор шаарларында бууп турушканын кабарлашууда. Эки жерде тең, ошондой эле борбор шаар Исламабадда менчик мектептер жабык турат.

Пакистандын Жогорку соту 31-октябрда 4 баланын энеси Асия Бибинин өкүмүн жокко чыгарган. 2010-жылы Лахордун соту аял "жаратканга акарат келтирген" деп аны өлүм жазасына өкүм кылган.