"Ата Мекен" фракциясы Жалал-Абадда көчмө жыйын өткөрөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 2-ноябрда Жалал-Абад шаарында көчмө жыйын өткөрөт.

Фракциянын катчылыгы билдиргендей, жыйын саат 15.00дө өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында болот.

Анда "Кыргызстанда сүткорлукту чектөө жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы, "Маданият-Жалал-Абад" жолунун курулушу, "Дашман" мамлекеттик жаратылыш коругунун иши талкууланат. (NT)