2-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан, кар, калган аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүз -2...+3,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...+4, күндүз 2...7,
Ысык-Көлдө жана Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 1…3 градус болот.