Орусия украиналык аткаминерлерге жана ишкерлерге санкция салды

Арсен Аваков.

Орусия Украинанын 322 жаранына жана 68 компаниясына санкция салды. Тийиштүү жарлыкка бейшембиде өкмөт башчы Дмитрий Медведев кол койду.

Санкция тизмесинин сап башында Украина президентинин уулу Алексей Порошенко, ички иштер министри Арсен Аваков, коргоо министри Степан Полторак, Коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицак, мурдагы премьер-министрлер Юлия Тимошенко менен Арсений Яценюк, Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев бар. Мындан тышкары ишкерлер да киргизилген.

22-октябрда Владимир Путин "орус жарандарына жана ишканаларына Украинанын достукка жатпаган кадамдары үчүн атайын экономикалык чара көрүү жөнүндө" жарлык чыгарган.

Орус президенти кимге кандай чара көрүү керек экенин өкмөттүн эркине койгон.

Кремль украин эли "бир тууган" бойдон кала берерин белгилеп, санкциялар карапайым адамдарды эмес, алардын "ийгиликсиз өкүлдөрүн" бутага аларын билдирүүдө.