Ысык-Көлдө студенттер адам сатууга каршы аракеттер боюнча сабак алышууда

Ысык-Көлдөгү лекциялар.

Ысык-Көлдө кесиптик орто билим берүү жайларынын жана жогорку окуу жайларынын студенттерине "Өз укугуңду бил, жаш адиске кеңеш” аттуу лекциялар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Америкадагы "Тилектештик борборунун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Окуулуктарда жаштардын эмгек укуктары, жумушчулар жана адам укуктары, эмгек миграциясы жана киши сатууга каршы күрөш боюнча маалыматтар айтылууда. Тренерлер ошондой эле коопсуздук жана ден соолук, кесиптик биримдикти күчөтүү, бейформал экономика жөнүндө жаштарды окутуп жатышат.

Лециялар 1-ноябрда Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетте, 31-октябрда Ананьеводо кесиптик лицейде болду. Мындай лекциялар Кыргызстандын башка дубандарында да өтүп келатат. (AsM\ErN)