27 жылда Кыргызстанга 10 млрд. доллардай инвестиция келди

Иллюстрациялык сүрөт. Таластагы Жерүй кени. Бул кенди орусиялык “Востокгеолдобыча” компаниясы иштетет.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери эл аралык донорлордон келген жардам 10 млрд. долларга жакындады. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" резиденциясында чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда жарыялады.

Жээнбеков Кыргызстандын донорлор менен иштешүүдө тажрыйбасы бар экенин белгилеп, келген каражаттарга 401 ири долбоор ишке ашырылганын айтты.

- Эң негизгиси - "адамга шарт түзөбүз" деген мамлекетке мындан ары да жакшы жардам бересиңер, колдойсуңар деп терең ишенем. Биз силер менен иштешүүгө ачыкпыз. Маселе болсо, кирем десеңиздер ар бириңиздерди кабыл алып, аны чечүүгө мен даярмын. Анткени биз сырттан келген инвестиция менен жардамга абдан муктажбыз, - деди Сооронбай Жээнбеков.

1-ноябрдагы жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана облустардын губернаторлору да катышты. Ошондой эле чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери жана эл аралык донорлордун 50дөн ашык өкүлдөрү келди. (BTo\ErN)