Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын өлкөдөн качып кеткен депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратура билдирди.
Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватованын маалыматы боюнча, иш сотко 20-октябрда жиберилген.
Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козгогон. Андан соң "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып тагылган. Шадиевге издөө жарыяланган. (KE\ErN)