Эсеп палатасынын Чүй-Токмок билим берүү башкармалыгында аудит жүргүзгөн кызматкери иштен бошотулган. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, директорлордун арызынын негизинде прокуратура кылмыш ишин козгогон. Мектептердеги аудиттин жыйынтыгы быйыл 23-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жиберилген.
30-октябрда “Азаттыктын” сайтына “Мектеп директорлорунун "козголоңу" аттуу макала чыккан. Анда Чүй районундагы үч мектептин директору быйыл жазында “Эсеп палатасы үчүн” деп ар бир мектеп 10 миң сомдон чогултууга милдеттендирилгенин, макул болбогондор куугунтукка кабылып жатканын айтып чыгышкан.
Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айткүл Кибираева быйыл март айында Эсеп палатасынын өкүлдөрү келгенин ырастап, бирок акча чогултуу жана куугунтук болбогонун билдирген.
УКМК акча чогултуу боюнча иш козгогонун айткан. Билим берүү жана илим министрлигине Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигин кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө кат жөнөткөнүн маалымдаган.
Министрликтин коррупциянын алдын алуу саясаты секторунун башчысы Марат Усупбеков тергөө бүткөнгө чейин министрлик бул көрүнүштү өз алдынча териштире албай тургандыгын айткан. (KE)