БУУда Украинага байланыштуу Орусия менен Батыш өлкөлөрү кайым айтышты

БУУнун Коопсуздук кеңешинин отуруму. Иллюстрациялык сүрөт.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Украинанын чыгышындагы жаңжал боюнча кезексиз жыйын өткөрдү. Батыш өлкөлөрүнүн демилгеси менен уюштурулган жыйында өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик жумурияттары" деп атаган жикчилердин аймактарында шайлоо өткөрүү планынын айланасында сөз болду.

Орусия «Луганск элдик жумуриятынын» Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Елена Кравченкону чакырууну сунуш кылган. Бирок кеңештин калган мүчөлөрү бул демилгени четке кагышты.

Батыш өлкөлөрү шайлоо Минск келишимдерине каршы келет деп эсептешет. Швециянын өкүлү Улоф Скуг "Орусиянын Украинанын чыгышындагы аракеттери Европадагы чек араларды кайра карап чыгууга тете" деп айтты. Ал Москваны өз таасирин колдонуп, шайлоонун алдын алууга чакырды. АКШнын өкүлү Жонатан Коэн Украинанын 2013-жылдагы чек аралары калыбына келтирилмейинче, Орусияга каршы санкциялар кала берерин белгиледи.

Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя Минск келишимдери «жумурияттардын» башчыларын эмес, муниципалдык шайлоо өткөрүүгө тыюу салаарын айтты. Элчи Киевди "макулдашууларды бузуп жатат, эки «жумурияттын» өзгөчө статусу тууралуу украин мыйзамдары келишимге каршы келет" деп айыптады.

Украинанын туруктуу өкүлү Олег Николаенко "Донбасстагы шайлоо орусиячыл жикчилерге жаңы дем бериши мүмкүн" деп билдирди. Киевдик дипломат ошондой эле Орусия Украинанын кемелерине Азов деңизинде жүрүүгө тоскоолдук кылып жатканын кошумчалады.

11-ноябрда орусиячыл жикчилер сөз болгон аймактарда шайлоо өткөрүүнү көздөп жатышат. Москва кошуна өлкөдөгү жаңжалга тиешеси жок экенин билдирүүдө.