Пакистандын Жогорку соту "Мухамед пайгамбарга акарат келтирген" деген айып менен өлүм жазасын күтүп жаткан христиан аялдын өкүмүн жокко чыгарды. Лахордун Жогорку сотунун чечими менен 2010-жылы өлүм жазасына өкүм кылынган төрт баланын энеси Асия Биби эми бошотулушу керек. Коопсуздук маселелеринен улам аял белгисиз жерде кармалып келаткан.
Асия Бибини айыптоо жана жогорку жазага тартуу өкүмү христиандар арасында катуу нааразылыкка алып келсе, соңку чечим эми Пакистандагы ашынган исламчылардын каршылыгын жаратышы мүмкүн. Алар күн мурунтан эле ири акцияларды уюштурарын айтып келишкен.
Ашынган исламчылардын партиясы жана тарапкерлери Асиянын өкүмүн ишке ашырууну талап кылышууда.
2011-жылы аялды колдогону үчүн губернатор жана азчылыктар министри киши колдуу болуп өлүшкөн. "Исламга акарат келтирген" деп айыпталгандар Пакистанда өлүм жазасына тартылат. Айрым учурларда айың кептерге эле таянган адамдар шектүүлөрдү сотсуз ташбараңга алган учурлар кездешет.