Тунистин Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, борбор шаарда жанкечти аял өзүн жардырган окуядан тогуз киши жараланды.
Күбөлөрдүн маалыматына караганда, жардыруу 29-октябрда Тунистин Хабиб Бургиба борбордук проспектисиндеги шаардык театрга жакын жерде болгон. Укук коргоо органдары аял өзүн полициянын жанына келип жардырып жибергенин маалымдады.
Тунис - Түндүк Африкадагы мамлекет. Анын борбор шаары да Тунис деп аталат.
2015-жылы музейдеги жана мейманканадагы чабуулдан 59 турист мерт болгон. Ал кол салуу үчүн "Ислам мамлекети" жоопкерчилик алган.