Кыргызстандагы аялдардын абагында он наристе чоңоюп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы аялдардын абагында ушул тапта энелеринин жанында он бала чоңоюп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, оор жана өтө оор кылмыш кылган аялдар жашы жете элек балдары болгонуна карабай камалат.

-Ушул тапта төрөлгөндөн баштап үч жашка чейинки курактагы он бала энеси менен бирге жашап жатат. Бир келин кош бойлуу. Жабык мекемеде балдар үч жашка чейин болот. Энесинен ажыратпай, эмизип, баланын психологиясы бузулбасын деп чогуу кармайбыз. Эгер аялдын жакындары болсо баланы үч жаштан кийин алып кетишет же балдар үйүнө өткөрүп беребиз, - деди ал.

Кыргызстандагы аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Азыр ал жерде 400дөй аял бар. Эң кичүүсү 18 жашта, улуусу 75ке чамалап калган. (AiA)