Тажикстандын Жогорку соту Ички иштер министрлигинин Баңгизат сатууга каршы күрөш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Файзулло Гадоевди 28 жылга эркинен ажыратты.
Жогорку сот билдиргендей, өкүм 15-октябрда чыгарылып, ИИМлин аткаминери баңгизат сатуу, ири өлчөмдө пара алуу жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылган.
Өкүмгө ылайык, Файзулло Гадоевдин мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан жана «милициянын генерал-майору» наамынан ажыратылды.
Гадоев Тажикстан ИИМнин Баңгизат сатууга каршы күрөш башкармалыгын беш жылдан ашык жетектеген. Ал ички иштер органдарында 1982-жылдан бери иштеп келген.