“Лестер сити” клубунун кожоюнунун тик учагы кулады

"Лестер ситинин" күйөрмандары

Британияда “Лестер сити” футбол клубунун кожоюнуна таандык тик учак кулады. Таиланддык бизнесмен Вишая Шривадданапрабхи ээлик кылган тик учак стадиондун учуу тилкесинде кулаган. Кырсык маалында бизнесмен тик учакта болгонун BBC өз булактарына таянып жазып чыкты. Кырсык боюнча азырынча расмий маалымат таратыла элек.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 27-октябрда “Лестер сити” командасы катышкан оюндан кийин болгон. Тик учак жерден бир аз көтөрүлгөн соң кулап, жарылып кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Таиланддык бизнесмен Вишая Шривадданапрабхи “Лестер сити” клубун 2010-жылы сатып алган. Ал ээлик кылган сегиз жыл ичинде клуб ийгиликке жетип, 2016-жылы Англиянын чемпиону болгон. Бул клуб түзүлгөн жүз жылга жакын убакыттагы эң жогорку көрсөткүч болуп калган.