Бишкекте БУУнун күнү белгиленди

БУУнун эн белгиси.

Бишкектеги соода борборлорунун биринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнү белгиленди.

Иш-чарага бул уюмдун колдоо программаларына кирген бардык долбоорлордун өкүлдөрү катышып, келгендерге маалымат беришти.

- Биз жылына 24-октябрда БУУнун туулган күнүн белгилейбиз. Баарына маалым болгондой, бул уюм дүйнөгө тынчтыкты, бакубаттыкы орнотууну максат кылат, - деп билдирди уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасы өкүлчүлүктүү программалардан, фонддордон, адистештирилген мекемелерден жана Кыргыз Республикасында иш алып барган БУУнун башка уюмдарынан турат. (BCh)