Ооганстан: Кандагарда шайлоо өтүп жатат

27-октябрда Кандагар провинциясында парламенттик шайлоо өтөрү буга чейин кабарланган. Отуз төрт провинциянын отуз экисинде добуш берүү бир жума мурда өткөн.

Шайлоого эки күн калганда Кандагар полициясынын башчысы, генерал Абдулла Разакка талибдер кол салып, добуш берүү күнү жылдырылган.

Разак “Талибандар” уялаган провинцияда стабилдүүлүктү сактай алганы менен аты чыккан.

Бийликтин маалыматында, жергиликтүүлөрдү колдоо жана Кандагардагы коопсуздукту сактоо үчүн миңдеген кошумча аскерлер жөнөтүлгөн.

Добуш берүүгө 550 миңден ашуун шайлоочулар катыша алат. Ооган бийлиги талибдер дагы кол салышы мүмкүн экенин эскертти. (TSh