19-октябрда Талас облусунда футзал боюнча өлкө чемпионатынын алкагында беттешип жаткан “Фарватер” (Бишкек) жана “Жаш-Муундун” (Жалал-Абад) оюну токтотулуп, аянтка өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев, шаар жетекчилери жана Футбол федерациясынын аймактагы өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөшкөн.
"Оюнду токтотуу өлкө чемпионатынын регламентин жана жалпы эрежени бузуу болуп саналат" деп жазылат Кыргызстандын Футбол федерациясынын расмий сайтында.
26-октябрь күнү Футбол федерациясынын дисциплинардык комитети жыйын өткөрүп, эрежени бузууга жол берген Надыр Анарбеков, Элдияр Келдибеков, Калмамат Чыныбеков бир айга чейин калыстык кылбасын деген чечим чыгарды. Андан тышкары ар бири 2000 сомдон айып төлөшү керек. (TSh)