Кытайда балдарга кол салган аял кармалды

Кытайдын Чунцин шаарында 14 баланы жарадар кылган аял кармалды. Ал аш бычак менен бала бакчага кирип барганы айтылууда. Учурда шектүү кармалды, бирок кол салуунун себептери белгисиз.

Соңку жылдары Кытайда балта, бычак менен элге кол салган бир нече учур катталган. Андан көбүнчө балдар жабыркаган. Бул кол салууга көп учурда психикалык жактан жабыркаган кишилер айыпталган.

Кытайда Шаньси провинциясындагы мектептин тогуз окуучусун өлтүрүп, 11 баланы жарадар кылды деген айып менен сентябрь айында бир киши өлүм жазасына тартылган. (TSh)