Кыргызпатент автордук укукту коргоо боюнча коомдук уюм менен кызматташат

Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызмат (Кыргызпатент) жана Көз каранды эмес телерадиокомпаниялардын ассоциациясы кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Меморандумдун негизги максаты - телерадио тармагынын өнүгүшүндө жана андагы автордук укукту коргоодо биргелешип кызматташуу.

Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошева интеллектуалдык менчикти коргоо жана көйгөйдү чечүүдө жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу учурдун актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын белгиледи.

Жакында эле Кыргызстанда Көз каранды эмес телерадиокомпаниялардын ассоциациясы түзүлгөн. Жеке менчик телекомпаниялардын башын бириктирген ассоциациянын эң негизги максаты - Кыргыз Республикасынын телерадиотрансляция тууралуу мыйзамынын толук аткарылышын камсыз кылуу.

Расмий маалыматка караганда, 2013-2017-жылдарда ойлоп табуучулук боюнча 497 патент берилген. Миңден ашык автордук укук каттоого алынган. (TSh)