"Роснефттин" жетекчиси: АКШнын санкцияларынан улам мунай кымбаттайт

Игорь Сечин.

Орусиянын “Роснефть” мамлекеттик компаниясынын башчысы "Иран менен Венесуэлага каршы АКШ киргизген санкциялар мунайдын кымбаттатып, кара май рыногунда тең салмакты бузат" деп эскертти.

Игорь Сечин 25-октябрда Веронадагы экономикалык форумда чыгып сүйлөгөндө "мунай кымбаттап, мунай өндүрүү глобалдык алкакта азаят" деген божомолун ортого салды.

АКШнын расмий адамдары Ирандын мунай секторун бутага алган санкциялар анын кара май экспортун “нөлгө” жеткирүүнү көздөп жатканын билдиришкен. Вашингтон ошондой эле дүйнө өлкөлөрүн Ирандан мунай сатып албоого үндөп келатат. Сөз болгон санкциялар 5-ноябрда күчүнө кирмекчи.

Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 25-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде Тегерандын “Жакынкы Чыгыштагы карасанатай аракеттерине” каршы "чара көрүү зарыл" деп белгиледи.

Сечин мунайдын кымбатташы америкалык жана европалык кардарларга да залакасын тийгизерин айтты.

Мунайдын бир баррели апрелден бери 80 долларга жетти. Дал ошол маалда АКШнын президенти Дональд Трамп 2015-жылы Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон чыгаарын жарыялаган.