Бүгүн, 26-октябрда Талас шаардык кеңеши тогуз айдын жыйынтыгы тууралуу мэрдин баяндамасын угууну күн тартибине киргизген. Бирок сессия белгиленген мөөнөттөн бир саат кеч башталганына карабай, мэр Айдар Жузупбеков келген жок.
Шаардык кеңештин депутаты Аскар Шабданов муну "саботаж" деп атады. Мэрдин ишин ал жок эле баалоо тууралуу сунуш түшүп, Айдарбек Жузупбековдун иши "канааттандыраарлык эмес" деп табылды.
24-октябрда өкмөттүн Таластагы өкүлү Марат Мураталиев облустук коллегияда Жузупбековдун ишин сынга алган.
Шаардык кеңештин депутаттары социалдык тармактарда мэрдин кызматтан кетишине ким макул же каршы экенин аныктоо боюнча сурамжылоо жүргүзүшкөн. Сурамжылоого катышкандардын 80 пайыздан ашыгы анын иштен кетишине макул экенин билдиришкен. Мэрдин өзү айтылган сын пикирлер тууралуу комментарий бере элек.
Буга чейин ал өз дарегине айтылган сындар жүйөсүз экенин айтып келген.
Айдар Жузупбеков Талас шаардык мэриясын 2017-жылдын мартынан бери башкарып келатат. (AlS)