Аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Аңчылыкка чек коюп, жапайы жаныбарларды атууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталууда.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, талкууну Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети уюштурууда.

Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча департаменттин директору Алмаз Мусаевдин буга чейин айтканына караганда, тоо текени атууга уруксаттын баасы 450 миң сомдон 700 миң сомго көтүрүлүп жатат.

Ал эми мергенчилик кылууга уруксат алуунун баасы өзүнчө каралган. Ал 70 миң сомдон 100 миң сомго көтөрүлөт. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин колдонууга да тыюу салынат. Ал үчүн айыппулдун өлчөмү 1,5 млн. сомду түзөт. (КЕ)