АКШ Тажикстанды абактагы адвокаттын ишин кайра кароого үндөдү

Бузургмехр Ёров. 2016-жыл.

Расмий Вашингтон Дүйшөмбү шаарында 23-октябрда эки өлкөнүн саясий консультациялары өтүп жаткан учурда ушундай чакырык таштады. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Эмилия Пума 24-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, саясий консультациялар учурунда эки тараптуу кызматташтыктан тышкары Тажикстанда адам укуктарынын корголушу, жарандык коомго көбүрөөк эркиндик берүү маселелери талкууланды. Пуманын тажик бийлигин абактагы адвокат Бузургмехр Ёровдун ишин кайра кароого да үндөгөнүн билдирди.

Буга чейин эл аралык укук коргоочу уюмдар, Батыш мамлекеттери да тажик бийлигин адвокатты абактан бошотууга чакырышкан.

Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын камактагы мүчөлөрүнүн укуктарын коргогон адвокат Бузургмехр Ёров өзү тажик сотунун 2016-2017-жылдагы эки өкүмү менен 28 жылга кесилген.

Адвокаттын жакындары жана жарандык активисттер кылмыш ишинин саясий жүйөсү бар экенин айтып жүрүшөт. (UE)