Кыргызстанда 2018-жылдын башынан бери 75 миң балага 4 миң сомдон бир жолу төлөнүүчү сүйүнчү пул берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, сүйүнчү пул ата-энелердин банктык эсебине которулду. "Балага сүйүнчү" долбоорунун алкагында бир жолу берилүүчү сүйүнчү пул ала тургандар бала төрөлгөндөн кийин алты ай ичинде тиешелүү мекемелерге арыз бериши керек. Кечиккендердин арызы каралбайт. Учурда арыз берүү электрондук системага өткөн. Сүйүнчү пул алыш үчүн арыз берүүчүнүн паспортунун, бала төрөлгөнү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү жана банк реквизиттери талап кылынат.
Министрлик ушу тапта жарандардын арызы келген күндөн тартып жети күн ичинде сүйүнчү пул банктык эсептерге жиберилип жатканын кошумчалады.
Ал эми бала багып алгандар сүйүнчү пул алууну көздөсөн асыроо тууралуу чечимди кошо тапшырууга тийиш.
Кыргызстанда быйылкы жылдан тартып балалуу болгондорго тегиз 4 миң сомдон сүйүнчү акча төлөп берүү тууралуу мыйзам иштей баштады. Бирок эл арасында "аны алуу татаал болуп жатат" деген дооматтар бар. (NT)