Шаршембиде Армениянын парламенти добуш берүүнүн биринчи турунда Никол Пашинянды премьер-министрлик кызматка шайлаган жок. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, парламенттеги үч фракция добуш берүүдөн баш тартып, "Елк" фракциясынын депутаттары ортодо калды. Жыйынтыгында Пашиняндын талапкерлигине каршы бир депутат добуш берип, 11 эл өкүлү ортодо калды.
Парламенттеги «Елк» фракциясы талапкерлигин көрсөткөн Пашинян өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер болгон. Эми добуш берүүнүн экинчи айлампасы 1-ноябрда өтөт.
Пашинян кызматтан кеткенин 16-октябрда жарыялаган. Ал мындай кадамга учурда экс-премьер Серж Саргсяндын Республикалык партиясы көпчүлүк добушка ээ болгон мыйзам чыгаруу органын таратып, мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн барган.
Эми бир жуманын ичинде жаңы премьер-министр шайланбаса, өлкөнүн парламенти таркап, декабрдын биринчи жарымында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт.