Тажикстанда нике кагазын көрсөтө албаган түгөйлөр саунага киргизилбейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Жуунуп-эс алуучу жайлардын кожоюндары тиешелүү буйрук жогору жактан түшкөнүн, эми алар түгөйлөрдөн нике кагазын талап кылууга аргасыз экенин айтышты. Маалыматты Ички иштер министрлигин басма сөз бөлүмү да ырастап, мындай эреже сауналардын сойкуканаларга айланышына жол бербеш үчүн кабыл алынганын кабарлады. Ушундай эле эскертүү мейманканаларга да берилген.

Жаңы эрежени колдогондор да, ага каршы чыккандар да бар. Айрымдар бул исламга туура келерин белгилешсе, башкалар ар бир адам ким менен эс алууну өзү билерин айтып жатышат. Расмий маалыматтарга ылайык, 2017-жылы Тажикстанда интимдик кызмат көрсөткөн 288 жай аныкталган.