Орусиянын Антарктидадагы станциясынын кызматкери кесиптешин бычактады

Антарктидадагы "Беллинсгаузен" станциясы.

Орусиянын Антарктидадагы "Беллинсгаузен" станциясынын кызматкери кызуу кандуулук менен кесиптешин бычак менен жарадар кылган. Бул тууралуу 23-октябрда "Интерфакс" агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, станциянын ашканасындагы чырдан жабыркаган кызматкер Чилидеги ооруканага жөнөтүлдү.

Бул боюнча орус бийлиги азырынча комментарий бере элек.

“Интерфакс” кол салган адамды Сергей Савицкий деп атады. Окуядан кийин ал өз ыктыяры менен станциянын башчысына келген жана учурда үй камагына алынган.

"Беллинсгаузен" станциясын 1968-жылы Советтер Союзу негиздеген. Ал XIX кылымда Антарктидада изилдөө жүргүзгөн орус окумуштуусунун атын алып жүрөт.