Сузакта жер көчүп, автоунаа жолун тороп калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта жер көчкү түшүп, убактылуу жабылып калган ички чарбалык автоунаа жолун тазалоо иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 23-октябрда Акчалуу айылында көлөмү болжол менен 72000 м3 жер көчкү түшүп, Ачы сайынын суусун бөгөп калган.

Учурда Ачы сайында 15000 м3 суу топтолуп, көчкүнүн үстүнөн агууда. Үйлөргө коркунуч жок.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Мундуз – Кара-Көл ички чарбалык унаа жолу убактылуу жабылып, машиналар айланма жол аркылуу каттоодо. (RK)