"Мегакомду" Акылбек Жамангулов жетектемей болду

Акылбек Жамангулов.

«Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна («Мегаком» мобилдик компаниясы) жаңы жетекчи дайындалууда.

Компаниянын 100% акцияларына ээлик кылган Мамлекеттик мүлк фондунун буйругу менен бул кызматка Акылбек Жамангулов жактырылды.

Жамангулов - Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты.

"Альфа Телекомду" 2012-жылдан бери Азат Базаркулов жетектеп келген.

Кыргыз өкмөтү "Альфа Телеком" компаниясын алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч сыйра конкурс жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок бул жолу да сатылган эмес. (BkA)