Милициянын айлыгы 40% көбөйтүү каралууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасын көбөйтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында министр Кашкар Жунушалиев билдирди.

Министрдин айтымында, 2020-жылдан тартып айлыкты 40% жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, азыр парламентте талкууланып жатат.

Расмий маалыматка караганда, учурда милицияда жаңыдан иштей баштагандардын айлыгы 7-12 миң, ал эми офицерлердики 12-17 миң сомду түзөт. (RK)